Ош шаардында синтетикалык баңгизатты сатууга жана колдонууга шектүүлөр кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул-жылдын 29-март күнү Ош шаарынын Алиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 5 адам кармалган.
Иликтөө иштеринин жүрүгүшүндө кармалган 5 адамдын бири, аталган үйдүн жашоочусу 1978-жылы туулган И.А. тарабынан синтетикалык наркотикалык заттар сатылып жаткандыгы аныкталган. Калган кармалган 4 жаран шектүүдөн синтетикалык наркозатты пайдалануу үчүн келгендигин көрсөтүшкөн. Алар 1990-жылы туулган С.Э., 1983-жылы туулган К.Н., 1983-жылы туулган К.Р. жана 1978-жылы туулган Б.Ж. Баары Ош шаарынын тургундары.
Шектүүнүн жанынан салмагы 0.5 граммды түзгөн синтетикалык наркотикалык зат алынган. Ал эми шектүү жашаган турак-жайды тинтүү учурунда атайын боек чачууда кийүүчү кол каптар, электрондук даректер оюлуп жазылган трафареттер, бир нече боек балондору- кылмышка далил буюмдары катары алынган.
Жашыруун наркотикалык заттарды сатуучу жай (притон) уюштурганга шектүү катары үйдүн 44 жаштагы жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган факты Кылмыш кодексинин 290-беренесинин белгилери менен тергөө иштери жүрүп жатат. (290-берене:Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) Кармалган 4 жаранга наркотикалык заттарды колдонгонун аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.
Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.