7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош жана Баткен облустарында баңги затын таратуучу канал токтотулду

344

Өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын сактоого жана сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 1988-жылы туулган А.А.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.

Ушул жылдын 17-февралында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалып, КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык УКЖга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

345