7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош жана Жалал-Абадга жаңы эл аралык аэропорт салынат

693

Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

“Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары «Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур. Ошко салынбай калыптыр» деген маанайдагы билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөздө экендигин белгилейбиз.

Ошондой эле, жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын майында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан.

Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган”,-деп берилет маалыматта.

694