7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ошэлектр» ААКнын кызматкерлери 30 миллиондук чыгым боюнча Финполго жооп беришти

260

«Ошэлектр» ААКнын кызматкерлери административдик имаратты сатууда 30 миллион сом зыян келтирилген делген маалыматка жооп беришти. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКнын «Коомчулук менен байланыш» бөлүмүнүн башчысы Н.Токонбаев билдирди.


Маалыматка ылайый, Мамэкотехинспекциясы тарабынан колдонууга жараксыз деп табылган административдик имарат өткөн кылымдын башында курулган. Ушул себептен «Ошэлектр» ААКу ошол жерде жайгашкан Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесине жаңы имарат сатып алууга жана көчүрүүгө аргасыз болушкан. Эски имаратты сатуудан түшкөн акчага жаңы имаратты ремонттоого кеткен чыгашаларды жабуу каралган.


Чечим «Ошэлектр» ААКнын директорлор кеңеши менен бекитилген, андан сырткары «Улуттук энергохолдинг» ААКу жана КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна да маалымат берилген.


Аталган авариялык имарат ачык сатыкка коюлуп, узак убакытта чейин сатылбай туруп, сатып алууга кардар чыккан эмес жана имарат «Улуттук электр тармактар» ААКна өзүнүн баланстык наркы боюнча 10 млн. сомго сунушталган. Бир жылдан кийин «Улуттук электр тармактар» ААКнын ревизиондук коммиссиясы тарабынан бул сунуш четке кагылган. 2020-жылдын август айында кайрадан ачык сатыкка коюлуп жана 8,9 млн сомго сатылган. Ошондой эле, белгилеп кетүүчү жагдай, бул суммага жер тилкеси кошулган эмес , «Ошэлектр» ААКна да таандык эмес. Жер тилкеси жергиликтүү бийликке таандык жана КР Өкмөтүнүн бекитип берген Ош шаарынын башкы планына жараша ал жер тилке куруу үчүн эмес жашылдандыруу үчүн каралган.


«Сатуудан түшкөн каражат, көптөн бери чечилбей келген көйгөйдүн бири болгон «Ошэлектр» ААКнын Темир бетон продукцияларын чыгаруучу цехи жайгаша турган Ош шаарынан 50 соток жер тилкесин сатып алууга жумшалган. Бул цех курулуп калса, темир бетон мамычалар өзүбүздөн чыгып, компанияга жана элге жеңилдиктер болот. Аталган имаратты сатууда эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун жана баары мыйзам чегинде ишке ашканын «Ошэлектр» ААКнын жетекчилиги толугу менен ишендирет. Тиешелүү органдар адилеттүү иш жүргүзүп, туура чечим чыгарат деп ишенебиз», -деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

261