7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошко сырттан келген унаалардан акы алуу сунушталды

276

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү.

«Ошто 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан 800 миңден ашат. Күн сайын шаарга жакынкы жана алыскы аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип чыгат. Алар жол тыгындарын жаратып, кырсыктарды жана абанын булганышын күчөтүүдө. Эгер алардан акы алынса бир жылда жалпы 3 млрд сомго жакын каражат жергиликтүү бюджетке келип түшөт» — деп айтылат билдирүүдө.

Бул каражат кайра эле көйгөйлөрдү чечүү максатында “Ош жолдоруна инвестиция – келечекке кадам” демилгеси сунушталды. Ага ылайык, башка аймактардан келген унаалар үчүн акы киргизилиши мүмкүн. Түшкөн каражатка мектеп, бала бакча, оорукана жана реабилитациялык борборлорду курууга, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жумшоо максатталууда.

277