7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан бошотулду

651

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652