7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мен 40 миңге да курбайт болчумун». Президент аялдаманы кургандарды сындады (ВИДЕО)

1047

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы эс алуу багынын ачылышында жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатып, Тамчыдагы аялдаманы кургандарды катуу сындады.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Тамчыдагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалганын кабарлаган. Каражат Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгон. Анда курулуштун сапаты келишимге ылайык кабыл алынбаганы да аныкталган. Райондук прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү камакка алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1048