7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 15 жашар кызды бир ай сексуалдык кулчулукта кармашкан

430

Ош шаарында 15 жашар кызды бир ай сексуалдык кулчулукта кармашкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдирди.

Маалыматка ылайык, институтка кыз жана жактоочу Жахангир Сайфуллаев кайрылган. Кызды сабап, коркуткандардын баары азыр да эркиндикте жүргөндүгү айтылган.

“Аны ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп койобуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Ошону менен катары эле, алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан”, — деген жактоочу.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин өспүрүмдүн укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

 

431