7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 28 жаштагы футбол машыктыруучунун сөөгү иш бөлмөсүндө табылган

1072

23-апрелде Ош шаарында футбол машыктыруучунун сөөгү өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылгандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, анын жүрөгү кармап калып каза болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маркумдун Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Бактыбек уулу Темирлан экени маалым болду.

«28 жашында досубуз жана кесиптешибиз, Бактыбек уулу Темирлан кокусунан жүрөгү токтоп каза тапты. Ал токтоо, боорукер, коллективде жана окугандар арасында урмат-сыйга ээ, кадыр-барктуу болчу»- деп кесиптештери эскерип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1073