7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын 1990-жылдан 2022-жылга чейинки өсүү темпи

590

Дүйнөлүк банк – 1990-жылдан 2022-жылга чейинки Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинин көрсөткүчүн жарыялады. Анда, кайсы мезгилдерде ички дүң продукциясынын жогорулаганы тууралы маалыматтар салыштырылган.

  • 1990-2005-жылдар аралыгында ички дүң продукциясы төмөндөп, көрсөткүчтөр началарлап кеткен. Тактап айтканда ички дүң продукциянын көрсөткүчү адам башына бөлгөндө 609 доллардан 280 долларга чейин төмөндөгөн.
  • 2005-2008-жылдары өсүү темпинин көрсөткүчү жогорулап 477 доллардан 966 долларга жеткен. Үч жылда ички дүң продукциянын өсүүсү 489 долларга көтөрүлгөн. Бул аралык Акылбек Жапаровдун Экономика жана финансы министри болуп иштеген жылдарына туура келет.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай, 2010-жылдан тарта 2020-жылга чейинки 10 жылдагы өсүштүн көрсөткүчү 303 доллар.
2021-2022-жылдары өсүү темпи кескин жогорулап, 1607 долларга жетти. Акыркы жылдагы көрсөткүч, өсүү темпинин кескин жогорулашы – экономикалык туура саясаттын натыйжасы менен салыштырсак болот. Өлкө башычысы Садыр Жапаровдун саясий эрки менен Кумтөр мамлекетке өттү. Салык, бажы жана башка ири киреше алып келе турган тармактар көзөмөлгө алынды. Мына ушул себептер экономиканын кубаттуу болуп багыт алуусуна шарт түздү. Кыргызстандын өсүү темпи боюнча Дүйнөлүк банктын расмий көрсөткүчтөрү – мамлекетибиз өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына багыт алганын далилдейт. Бул Кыргызстан үчүн жакшы репутация!»- дейт Дайырбек Орунбеков.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591