7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 3 килограммдан ашык баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

241

Ошто 3 килограммдан ашык баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, 2021-жылдын 25-январында болжол менен саат 03:00 чамасында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген 1974-жылы туулган О.С. кармалган. Ал буга чейин да сот жообуна тартылган жана андан 3 кг 090 гр. салмактагы героин баңги заты табылган.


«Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМ ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматынын Оперативдүү бажысынын кызматкерлери менен биргеликте издөөчү итти колдонуп тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн жашаган жеринен баңгизаттардын башка түрлөрү табылды. Ал жерден ички иштер министрлигинин баңгизат менен күрөшүүчүлөрү 950 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын алышты. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

242