7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленүүдө

477

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракеси улуттук деңгээлде өткөрүлүп баштады.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мааракелик иш-чаралар күн мурун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна жакын жайгашкан альпинисттик лагерде туристтик фестивалдын ачылышы менен башталды.

Иш-чаранын алкагында улуттук боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Алымбек датканын эмгектерин чагылдырган сахналык эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Мааракеге арналган иш-чаралар жыл ичинде Алай районунда жана Ош шаарында улантылат.

478