7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто аялдын үйүнөн 2 килограммга жакын баңгизат табылган

578

Ошто 36 жаштагы аялдын үйүнөн 1 килограмм 904 грамм салмактагы афган түспөлүндөгү “Гашиш” баңгизаты табылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын жашоочусу 1987-жылы туулган К.Д. аттуу аял кишинин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат 1 килограмм 904 грамм салмактагы афган түспөлүндөгү “Гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579