7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бир нече телефондорду уурдаган 37 жаштагы жаран кармалды

834

Ошто жарандардын телефондорун уурдоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, телефон уурдоого шектелип Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, Ошто убактылуу жашап турган 1985-жылы туулган У.М. аттуу жаран кармалды.

Ал 13-май күнү Ош шаарында 28 жаштагы келиндин 13 миң 500 сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун уурдай качып, бирок изи сууй электе кармалган. Аны кармаган учурда жанынан жабырлануучунун телефонунан башка дагы 24 мобилдик телефондор табылган.

Шектүү бул телефондордун Ош жана Бишкек шаарларынан уурдаганын билдирип, моюнуна алган. Ал телефондорду Кыргызстандагы жарандарга сатуу өзү үчүн кооптуу экендигин эске алып, коӊшу өлкөгө сатууну ойлонуп жүргөн.

«Учурда шектүүнүн үстүнөн кылмыш кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.  Кимде ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 102 же 0556-04-04-00 номерлери аркылуу байланышып коюшуӊуздарды суранабыз»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

835