7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бир тууган агасын бычак менен сайып жиберген жаран милицияга өзү билдирген

227

2021-жылдын 7-февраль күнү Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургуну, 27 жаштагы С.Н.К. үйүндө, бир тууган агасы 34 жаштагы С.А.К.ты бычак менен сайып алгандыгын Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Мааламт боюнча, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныкташкан: 2021-жылдын 7-февраль күнү С.Н.К. үйүндө пикир келишпестиктен улам бир тууган агасы С.А.К.ны бычак менен бел тарабына сайып жиберген. С.А.К. денесинен жарат алып Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган.
Аталган окуя Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинде(ээнбаштык) көрсөтүлгөн белгилер менен катталган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

228