УКМК тарабынан узак жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
13-майда ыкчам-издөө учурунда, Ош областынан атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 кг ашык болгон баңгизат (героин) табылып алынды. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күч түзүмдөрү ири масштабдагы баңги каналын аныктап, рекорддук көлөмдөгү героинди колго түшүрө алды.
2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңги затын колдонуудан жабыр тартышууда. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумууда.