7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «Европага виза ачып, жумушка орноштурам» деп адамдарды алдап, акчасын алып жүргөн жаран кармалды

579

Ошто «Европага виза ачып, жумушка орноштурам» деп адамдарды алдап, акчасын алып изин жарышып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагына атайын офис ачып, жарандарга Европага виза ачып берүүнү жана ал жактан жумуш менен камсыз кылып берүүнү убадалап, акча алып турган. Шектүү жабырлануучуларга «Биздин Европадагы жумуш берүүчүлөр менен келишимдерибиз бар, сиздер ал жакка барып, орношуп, жумушка киргенге чейин биздин фирма көзөмөлдөйт»,-деп ишендирген.

Бүгүнкү күндө бул жарандан жабыркагандардын саны 150 адамдан ашкан. Жабырлануучулардын көпчүлүгү 1800 евродон беришкен. Шектүү негизинен Польша жана Германия өлкөлөрүнө жөнөтүүнү убадалаган.

Ош ШИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Ош шаарына алып келинген. Ал Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну 1995-жылы туулган М.Ш. болуп чыккан.

Учурда анын кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам иштер уланууда.

Ош ШИИБ жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо 0553-017-017 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580