Ошто эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрда Оштогу Ж.Раимбеков көчөсүндө болжол менен 35-40 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Жансыз денени «Монро-Ош» кийим сатылуучу дүкөнүнүн жанынан табышкан.
Бул факт боюнча топтолгон материал Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Белгилери: кара тору, чачы кыска жана сакал-муруту бар. Боюнун узундугу 170-175 см.
Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим, кышкы көк түстөгү куртка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.
Маркум тууралуу маалыматы барлар 0551621041 жана 6-64-02 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.