7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кылмыш чөйрөсүндөгү «Коён» кайра кармалды

665

Ош шаарында кылмыш чөйрөсүндө «Коён» деген каймана ат менен таанымал Майрамбек Низамов кайра кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Мекеме тараткан маалыматта, милицияга шаар тургуну арыз жазып, 18-октябрда Майрамбек Низамов анын “Лексус ” автоунаасын 27 миң долларга баалап алып кеткенин, акчаны 31-октябрда берем деп убадасына турбаганын билдирген.

Тергөөдө Майрамбек Низамов машинаны 28-октябрда эле 25 миң долларга сатып жиберип, акчаны иштетип жибергени аныкталган. Шектүүгө каршы Ош шаарынын Кара-Суу районунун тургуну да арыз жазган. Ал эки автоунаасын Майрамбек Низамов жана дагы бир адам октябрь айында 45 миң долларга баалап алганын, акча бергенге чейин деп “iPhone 14” жана “iPhone 15” моделиндеги телефондон 60 куту таштап кеткенин билдирген. Шектүүлөр акчаны убагында кайтарып бербегендиктен унаанын ээси бир телефондун кутусун ачкан. Кутунун ичинде кебезге оролгон үч болт болгон.

 

666