7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто лицейдин директору кармалды

344

Ош шаарынын орто билим берүү мекемелеринде системалуу түрдө акча чогултуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, 28-августта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы У.Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. кармалып, ал аталган окуу жайга студентти кабыл алуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган.

Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө  29-августта өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен аталган лицейинин директору У.Ж.И. кармалып, КР УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

 

 

 

 

345