Ошто тиешелүү лицензия албай туруп, «Ош сила» аттуу профессионалдык лотерея ойнотушкандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар «Лотереялар жөнүндө» КРнын мыйзамынын талаптарын бузуу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында тиешелүү лицензиясын албай туруп, «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдарга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилгендигин, бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан.
Өз кезегинде аталган жарандар лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү «YouTube» каналы аркылуу көрсөтүлгөн.
Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда, лотерея ойноочу унаалардан лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган.
Учурда тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.