Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылында 8-класстын окуучусу сабалып, көз жумган. Окуучу кечээ, 2-мартта жерге берилди. Ал үй-бүлөдөгү 5 бир туугандын экинчиси болгон.
Оорукананын жетекчиси Өмүрбек Жунусовдун айтымында, бала ооруканага жеткенге чейин эле каза болуп калган.
«Бизге саат 14:43 чамаларында келип түштү. Келгенде эле балада дем алуу жана пульс жок болчу. Ошентсе да биринчи реанимациялык жардам көрсөтүүгө аракет кылып көрдүк. Баш тарабы жарылган экен»,- деген ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram