Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылында 8-класстын окуучусу сабалып, көз жумган. Окуучу кечээ, 2-мартта жерге берилди. Ал үй-бүлөдөгү 5 бир туугандын экинчиси болгон.
Маркумдун таякеси Канат Абдыкалыкувдун айтымында, ооруканага барганда баланын жансыз денесин табышкан.
«Карындашым мага байланышып, уулу балдардын токмогунан ооруканага эс-учун жогокон абалда келип түшкөнүн айтты. Келсем жээнимди жоготуп алган экенбиз. Ата-энесинин 15 жылдык мээнети кетти. «Таяке, мен чоң окуу жайга окуйм» деп калчу эле. Байкушум ниетине жеткен жок. Кара куш тарабы жарылып кеткенго деп ойлоп жатабыз»,- деген таякеси.
Посмотреть эту публикацию в Instagram