7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «Манас Ата» кафеси буздурулууда

416

Ош шаарында мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафеси буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Ош шаары, А.Шакиров көчөсү №152 дарегинде жайгашкан бул жер 2018-жылы мамлекеттик экспертизанын оң кортундусу менен жеке менчик турак үй курууга берилген. Кийин жердин ээси Юлдашбай Нематов өзүм билемдик менен эки кабаттуу жеке менчик турак үйдү макулдашылган долбоордон сырткары кеңейтип, өз алдынча кафеге өзгөртүп алган.

2019-жылдын 9-апрелинде имаратта архитектуралык иш кагаздарын көрсөтүү боюнча текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, четтетүү тууралуу эскертме берилген.

Берилген бузууларды четтетүү тууралуу эскертменин талаптары аткарбагандыктан ошол эле жылы 24-апрелде контролдук текшерүү актысы түзүлүп, Ош шаардык сотуна доо арыз берилген.

Сот мыйзамсыз кафе кожоюндарынын (Нематов Юлдашбай Эргашович жана Исакова Гульжан Мамытовна) өз эсебинен буздурулсун деген чечим чыгарган. Кийин кожоюндар аппеляциялык арыз менен сотко кайрылышып, алардын даттануусу канаатандыруусуз калтырылган.

417