Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан, Майлуу-Суу шаарында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, Майлуу-Суу шаарындагы парктын тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй турган жалпы 1,5 га жер тилкеси аныкталган. Мыйзам бузуучулуктарга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 12 млн 500 миң 100 сомдук жалпы аянты 1, 5 га жер аянты Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчигине алынды.