7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто милиция кызматкерлерин атып кетишти, шектүүлөр изделүүдө

252

Ошто милиция кызматкерлерине кол салуу болду,шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн түнү болжол менен түнкү 01:10 чамасында Кара-Кулжа РИИБдин Жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциясынын инспектору милициянын кенже лейтенанты С.Б Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө токтоп турган өзүнө таандык болгон «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында олтурган учурда ага бейтааныш жаран кол салып, автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги кош найлуу ок атуучу куралынан капысынан ок чыгарган. Анын денесинин эки далысынын ортосуна 7-8 чачма октору тийген.


Окуя болгон жерге ыкчам- тергөө тобу барып, Кара-Кулжа РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Д. К автоунаадан түшкөн кезде анын артынан белгисиз атуул ок атуучу курал менен бир жолу арткы эки далысына атып жиберген, ошол учурда Д. К жанындагы табелдик ок атуучу куралы менен ал атуулду көздөй бир жолу ок чыгарган. Ошол кезде ал атуул окуя болгон жерден качып кеткен.


«Факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Натыйжада Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери Д.К жана Б.С денелеринен жараат алышып, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган окуя боюнча кылмыш иштин бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна “Перехват” операциясы киргизилип, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган. Азыркы учурда, аталган сотко чейнки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жана шектүү атуулду аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргузүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

253