7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто милиция кызматкерлерине унаа тапшырылды

449

Кечээ, Ош шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлерине унаа тапшыруу аземи өттү.

Ага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

“Коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн эң алгач мыкты шарттар жана заманбап мүмкүндүктөр түзүлүшү керек. Мына ушул талаптарды эске алып, урматтуу Президентибиз Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде, Ош облустук ички иштер башкармалыгына жана Күзөт кызматына 25 даана жаңы үлгүдөгү автоунааларды тапшырдык. Сиздерге тапшырылган каражаттарга аяр мамиле жасап, элге тынч жана коркунучу жок жашоо шартын түзүүгө пайдаланып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууга карата иш алып барыңыздар. Өлкөбүз жана коомубуз үчүн аткарып жаткан иишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Бүгүнкү алган унаалардын сапары байсалдуу болуп, элибиз үчүн кызмат көрсөтсүн демекчимин”- деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин жетекчилиги унаалардын ачкычтарын тапшыруудан кийин, коноктор менен бирге унааларга кароо жүргүзүштү.

Иш-чараны сапка тизилген милиция кызматкерлери  салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

 

 

 

 

 

450