Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, милициянын полковниги жана милициянын старшинасы кармалды.
2-апрелге караган күнү түнкү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган жаран жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн 4-взводунун кенже инспектору 1998-жылы туулган жаран кармалды. Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңгизатын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.