«Президенттик кызматка келген алгачкы күндөн тартып эле бардык күч-аракетимди мамлекеттик бюджетти көбөйтүүгө жана чыңдоого арнап келе жатамын»,-деди өлкө башчы Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында.
«Мен бир тыйын да уурдабаймын, башкалардын уурдашына да жол бербеймин!» деп, ант бергенмин. Президенттик кызматка келген алгачкы күндөн тартып эле бардык күч-аракетимди мамлекеттик бюджетти көбөйтүүгө жана чыңдоого арнап келе жатамын.
Эсиңиздерде болсо керек, мурда казынага кол салгандардын баарын кайра мамлекеттин эсебине төктүрө баштаганмын.
Ошондой эле, салык жана бажы төлөмдөрүн жакшыртууну да талап кыла баштадым. Акылбек Үсөнбекович башкарган Министрлер кабинетинин алдына мен койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү болду.
Бул жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Натыйжалар көп деле күттүргөн жок, бат эле келе баштады.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган.
Кийинки жылга мен 500 миллиардга жеткирүү милдетин коюп жатамын. Биз азыр айыл чарбасына активдүү түрдө ресурстарды салып жатабыз.
Мурда эч качан мындай болгон эмес. 26 млрд сом кредит түрүндө фермерлерге 6 пайыз менен берилди.
Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин урматтуу дыйкандар менен фермерлерге.
Бул сумма албетте 100 пайыз дыйкандар менен фермерлерди быйыл эле камсыз кылып койгонго жетпейт. Анткени олко боюнча 500 минге чукул дыйкан фермелерибиз бар»,-деди өлкө башчы Жапаров.