7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мыйзамсыз берилип кеткен айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды

280

Ошто мыйзамсыз берилип кеткен айыл чарба жерлери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылйык, Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуулар менен, 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп берилген.

Мыйзамсыз токтомдордун негизинде айрым жарандарга мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар да берилген.

 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптары бузулгандыгына байланыштуу, ар бири 0,06 гектардан болгон 41 жаранга берилген 41 токтом Ош облусунун административдик сотунун чечими менен жараксыз деп табылды.

Соттун чечимине ылайык, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 2,46 гектар болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

281