7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто тартип бузган 3 милиционердин экөөсүнөн спирт ичимдиги аныкталды

962

Ош шаарында 3 милиция кызматкери ээнбаштыкка шектелип, кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү 3 милиция кызматкери менен Ош шаарынын 4 тургуну  унаа коюуга орун талашып урушуп кетишкен. Алар Ош ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын туристтик взводунун кызматкерлери болгон. Ушул эле кызматтын кызматкерлери тарабынан маалымат түшүп, 3 кызматкер Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө ошол эле күнү жеткирилген. Натыйжада эки кызматкер спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеcинин 2-бөлүмү (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

ИИМдин түштүк аймак боюнча ички иликтөө башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. 3 кызматкер тең өз арыздарынын негизинде кызматынан бошотулган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

963