7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто таштандыны утилдештирүү боюнча заводдун курулушу башталды

38

Ош шаарындагы таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун мезгил кутуусу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого жана шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Долбоорлу ишке ашырууда алгач 2023-жылы меморандумга кол коюлса, 2025-жылы 3-мартта долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлуп, бүгүн заводдун расмий курулушуна старт берилип, капсуласы салынды.

Жеңишбек Токторбаев “Бул долбоор келечекке кам көрүүгө жасалган кадам катары шаардык инфратүзүмдүн жаңылануусун, экологиялык коопсуздукка болгон камкордук”- экендигин айтты. Ошондой эле таштандыларды утилдештирүү менен алгачкы этабында таштандыларды иштетүүчү электр станциясы курулуп, күнүнө 850 (сегиз жүз элүү) тоннага чейин таштандыларды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болуп, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрө аларын кошумчалады.

Кийинки этаптарда жылуулук энергиясын өндүрүү дагы пландалып, кыш мезгилинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, 300 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу каралган.

Жыл сайын Ош шаарында орточо 200 миң тонна таштанды чыгат. Буга чейин алар ачык полигондордо чогулуп, шаар атмосферасын булгап, терс таасирин тийгизип турса, эми заманбап технологиялар менен иштетилип, жаратылышка зыяны азаят. Жалпы инвестициянын суммасы болжол менен 95 млн долларды түзөт.

39