7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаңы асфальтталган Супаналиев көчөсү пайдаланууга берилди

240

Бүгүн Ош шаарындагы С. Супаналиев көчөсү толук асфальттоо иштеринен кийин пайдаланууга берилди.

Ош мэриясынан билдиришкендей, жаңы жолдун узундугу 750 метрди, кеңдиги 8 метрди түзөт. Көчөнүн бир тарабына ирригациялык лотоктор орнотулган.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө да барып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген.

Анын алкагында тоскоолдук жараткан бир нече курулуштарды алып салуу жумуштары жүргөн.

Бул көчө Алымбек датка көчөсүнө параллелдүү жайгашып, негизги жолдогу унаа кыймылын жеңилдетүүгө жардам берери күтүлүүдө.

241