Чоң-Алай районунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак жана Кара-Шыбак айылдарында 3 баллга, Шибээ жана Дароот-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.