7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу борбордук стадиондун 2 миң 700 чарчы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

117

Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан, анын ажырагыс бөлүгү болгон жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган объектини белгиленген Жарлыкты бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарышкандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди. Бул аракеттер шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртып, жагымдуу чөйрөнү түзөт жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатат.

118