7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу мектепте окуучулар атырга ууланган эмес

2418

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда Ош шаарындагы №8 Горький атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына таянып, төмөндөгүлөрдү билдирет.

15-апрелде аталган мектепте танапис учурунда 6 “З” классынын 3 окуучусу атыр себинген. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен.

Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын ден соолугу туруктуу болгондуктан, үйлөрүнө ата-энелерине тапшырылган. Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган.

Окуучулардын абалы жакшы болгондуктан ата-энелер тарабынан мектепке даттануулар түшкөн эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2419