Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун Оштогу бөлүмү, Акыйкатчы аппаратынын областтагы өкүлү менен биргеликте Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына караштуу кабыл алуу, бөлүштүрүү жайынын абалын текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу улуттук борбордун өкүлү Улугбек Абдулазимов 7-каналга билдирди.
Бул жай көрсөтүлгөн нормадагыдай шарт-талаптарга жооп бербейт. Мындан улам, аталган борбор жаңы имарат куруу керектигин тиешелүү органдарга сунушташууда.
“Имарат санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербегендиктен камераларда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Камераларда табигый же жасалма желдетүү, жарыктандыруу жок, өзгөчө жыттар бар. Дээрлик бардык камераларда жана бөлмөлөрдө жаан-чачын учурунда суу агып кетет, бул имараттын урап калуу коркунучун жаратат. Душ кабиналары, мончонун жайкы да, кышкы да шарттары жок. Туалет бар, абалы начар. Өкмөттүн “универсалдык аптечка” болушу керек деген токтомунун талабы бузулган” –деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, акт түзүлдү.
Белгилей кетсек, аталган мекеме 1969-жылы курулган. Анын имараты учурда жараксыз абалга келген, көп бөлүктөрү урап калуу коркунучунда.
Ал эми Улуттук Кыйноолорду алдын-алуу борбору эл аралык жана улуттук стандарттардын талаптарына жооп берген жаңысын куруу сунушун билдирүүдө.