7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу жашы жетелек кызды ала качуу боюнча милициянын жообу

808

Ошто 20 жаштагы жигит ооруканада дарыланууда жаткан 11-класстын окуучусун үйүнө алып качкан. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылынын 2004-жылы туулган Ой-Тал орто мектебинин 11-классынын окуучусу Н. кызы М. ооруканада дарыланууда жаткан.

Ал ооруканадан үйүнө чыгарда Алайку айыл аймагынын Көк-Арт айылынын тургуну 2002-жылы туулган М. уулу Н. тургуну уюлдук телефону аркылуу байланышка чыгып, аны башка бир жарандар турмуш куруу максатында ала качууга даярданып жатканын билдирип, аны райондук ооруканадан алып кетүүсүн суранган. Жигит кызды Алайку айыл аймагынын Көк-Арт айылындагы өзүнүн ата-энесинин туруктуу жашаган үйүнө алып барган.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери менен бирге кыздын апасы баланын үйүнө барышкан. Милиция кызматкерлери кыздын жаш курагы турмуш курууга жетпестигин, баланын ата- энесине айтып түшүндүрүшкөн. Бирок баланын ата-энеси кыздын турмуш курууга жашы жете элек экенин билишкен эмес.

Алар кыз өз макулдугу менен келгенин билдиришти. Эки тараптын ата-энелери макулдашып, үстүбүздөгү жылдын август айында кыздын жашы 18ге толгон соң үйлөнүү той берүүнү белгилеп, кызга сөйкө салып кыздын апасына кошуп үйүнө жиберишкен.

Кыздын ата-энеси жана кыз тарабынан арыз жазуудан баш тартышкан.

Белгилеп кетсек, интернет желесинде ооруканада жаткан 8-класстын окуучусун 20 жаштагы жигит өз үйүнө ала качып кеткени тууралуу тасма тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

809