7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Оюндан от чыгат». Нарында балдар от менен ойноп, 1000 түк чөп күйүп кетти

795

Нарында балдар от менен ойноп, 1000 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-ноябрь күнү Нарын районунун Куйбушев айылындагы Жантаев Тойгонбай көчөсүндө жайгашкан турак үйдө жыйналган 1000 түк чөп өрттөнүп жатат деген маалымат Ж.Ж. аттуу тургундан түшкөн.

«Жерине №16 ӨККБнөн 1 бөлүм жана 4 куткаруучу тартылган. Өрт саат 16:20да чектөөгө алынып, 19:00да толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулар 300 боо чөп, турак үй, мал-сарайды өрттөн сактап калышты. Өрттүн келип чыгуу себеби: балдардын от менен ойноосу», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

796