7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистанда селден 330 адам каза болду

317

Пакистанда селден каза болгондордун саны 330га жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 321ге жетти. Учурда Хайбер-Пахтунхва провинциясында дагы 32 адам дайынсыз жоголууда.

Каза болгондордун көбү Хайбер-Пахтунхва провинциясында катталган, анда провинциялык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 307 адамдын каза болгонун билдирди.

Гилгит-Балтистан провинциясында беш адам, ал эми  Кашмирде тогуз адам каза болгону кабарланды.

Бир нече аймактарда байланыш  мунаралары үзгүлтүккө учураган.

318