Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүнө жаңы тротуар салынып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталып, Жибек-Жолу проспектисинен Лев Толстой көчөсүнө чейинки эки тараптагы тротуарды оңдоо пландалууда.
Бригада эски асфальтты сыйрып жатышат. Жугуштуу оорулар ооруканасынан Панфилов көчөсүнө чейин тротуардын бордюрлары орнотулду. Көчөнүн участокторунда тынымсыз иштер жүрүп жатат.