Панфилов районунда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон 15 жаштагы кызды таап, ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыз 18-ноябрда Кайыңдыдагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес. Ал эми милиция кызматкерлерине кечээ, 24-ноябрда өспүрүмдүн өгөй атасы арыз менен кайрылган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Панфилов районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан табылган. Алардын айтымдарында, өспүрүм ушул жылдын жай мезгилинде дагы үйүнөн качып, ата-энесине кайтарылган.