7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара алган мамлекеттик кызматкерлер кармалды

532

Талас шаарынын билим берүү тармагында жана Эсептөө палатасында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн айрым кызмат адамдары  каржылык жана башка мыйзам бузууларды жашыруу максатында жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакча окуу жайларынын директорлорунан финансылык текшерүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан аудитти формалдуу жүргүзүүсү үчүн берүүгө мыйзамсыз акча каражатын чогултууну уюштурушкан.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору А.Ш.У (пара алгандыгы үчүн) жана Талас шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Б.К. (пара бергендиги үчүн) ири өлчөмдөгү параны берүү жана алуу фактысы боюнча кармалды.

Учурда бул кызмат адамдары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Белгилей кетсек, мамлекеттин билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга багытталган саясатына карабастан, айрым кызмат адамдары тарабынан жумушка орноштурууда, балдар билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алуу процессинде жана ошондой эле бала бакчаларга киргизүүдө акча өндүрүү фактылары уланууда.

 

  

533