7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара менен кармалган Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

817

Пара алуу фактысы боюнча кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары пара алуу учурунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди кармашкан.

«Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110.000 АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкаат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, баардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

818