УКМКнын маалымат кызматы президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулаймановдун кармалганы тууралуу маалыматты четке какты.
Буга чейин социалдык тармактарда Сулаймановдун камалганы тууралуу маалыматтар чыгып, айрымдары бир суткадан бери УКМКда сурак берип жатканын жазышкан.
Белгилей кетсек, Алтынбек Сулайманов 27-сентябрда кызматтан кеткенин жарыялаган.