Өткөн материалда https://7tv.kg/ajymdar-emne-kiem-degen-oj-menen-m-r-n-n-bir-zhylyn-zhogotot-alar-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar/ кыздар тууралуу кызыктуу фактыларды айтып бергенбиз. Ал эми, бүгүнкү макалада мырзалар тууралуу 21 фактыны окуңуз.
1. Көпчүлүк жигиттер 25-30 жашка чейин турмуш курууну туура деп ойлошот, бирок 50%дан ашыгы андан эрте үй-бүлө курушат.
2. Эч качан эркек кишиге эл алдында, досторунун жанында эмне туура экенин үйрөтпөңүз. Бул нерсени жалгыз калганда айтуу туура.
3. Көпчүлүк жигиттер кыздардын фигурасына караганда, сулуу жүзүнө көбүрөөк кызыгышат.
4. Жигиттер кийим көп тандай бербейт.
5. Ажырашкандан кийин алар аялдарга караганда кайра тезирээк үй-бүлө куруп кетишет.
6. Эркектер аялдарга караганда комплиментти кубануу менен кабыл алышат.
7. Алар болгон окуянын жакшысын да, жаманын да бат эле унутуп калат.
8. Кир кийимди жактырышпайт, кичинекей так да аларды кыжырдантат.
9. Эркектер аялдарга караганда эки эсе көп калп айтышат.
10. Аял менен олуттуу сүйлөшүүдө эркектер толкундануудан тердейт.
11. Эркектин алдында мурунку сүйүктүүңүз жөнүндө айтпаганыңыз оң. Бул нерсе эркектин кыжырын келтирет.
12. Эркектер өмүрүнүн дээрлик бир жылын аялдарды суктанып карап өткөрүшөт.
13. Эреже катары, эркек аял менен олуттуу мамиледе болгондо, ал өтө талапчыл болуп калат.
14. Эркектер сизди канчалык сүйсө дагы футболго сөзсүз убакыт табат. Анткени, алар үчүн бул сиздин косметикаңыз сыяктуу эле керек.
15. Алар даамдуу тамак жасаганды билген аялдарды жакшы көрүшөт.
16. Косметиканы ашыкча колдонгон кыздар эркектерге жакпайт.
17. Эркек кыздын жанында ыйласа, анда ал чын жүрөгүнөн ага ишенет.
18. Көпчүлүк мүнөзү жагынан апасына окшош кыздарды издешет.
19. Эркектин денесинде орточо 12% май бар, аялдарда — 26%.
20. Эркектин жүрөгү аялдыкына караганда жайыраак согот.
21. Статистикага караганда, эркектер өмүрүндө 8 килограммга жакын помада, тоналка жейт.