7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Паралимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү

423

Бүгүн, 21-августта Париж шаарында (Франция) 28-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган XVII жайкы Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын узатуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Эдил Байсалов курама команданы узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.

Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

МинКаб Төрагасынын орун басары Мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

 

424