7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Париж-2024: Мээрим атаандашы монгол кыз менен мурда бет келген

204

Саналуу сааттан кийин балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова күрөшкө чыгат. Анын Париж олимпиада оюндарындага атаандаштары толук такталып, чучукулакта аныкталды.

Токио олимпиадасынын коло медаль ээси Мээрим Жуманазарованын атаандаштары аныкталды. Ал алгач 8/1 финалда 25 жаштагы монголиялык Энхсайханы Дэлгэрмаа менен күч сынашат.

Мээрим монгол кыздын сырын билет, тамырын тарткан

Ар бир көнүгүү кылдат, кайра-кайра кайталоодон өтөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Ар бир көнүгүү кылдат, кайра-кайра кайталоодон өтөт

Монгол балбан кызы 2020-жылы Нью-Делиде (Индия) Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатынын финалында Мээрим Жуманазаровага утулуп, күмүш медаль тагынып, ыза болуп калган жайы бар.

2022-жылы Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында жапониялык Наруха Мацукини утуп, коло байгелүү болгон. 2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, түркиялык Буса Тосунга утулуп, күмүш медалдын ээси болот.

2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында 3-орун үчүн күрөштө казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип, коло медаль тагынган. Мээрим буюрса бул атаандашын утуп алаарына үмүт чоң. Мээрим Жуманазарова менен Энхсайхан акыркы жолу былтыр Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган турнирде жолугушкан.

Энхсайкадан кийинки атаандашы ким?

Мээрим монгол балбан кызын утса, анда чейрек финалда 30 жаштагы венесуэлалык Солейми Антоньета Карабальо Эрнандес же жапон балбан кызы Нонока Озаки экөөнүн бирөө кимиси утса, ошону менен таймашка чыгат.

Менин жеке пикиримде 21 жаштагы жапониялык Нонока Озаки венесуэлалык атаандашын утуп алат го деп турам. Себеби, жапон балбаны дүйнөнүн эки жолку чемпиону (62 жана 65 кг салмакта), Азия эки жолку чемпиону (62 жана 68 кг салмакта), 2018-жылы жаштардын жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону болгон.

Атаандаштын аркасына өтүп кетүүнүн айла-амалын издөө аракети. Мындайда кара күч эле эмес, ойлонуу, көз ачып жумаганча чечим кабыл алып, аракетке киришүү зарыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Атаандаштын аркасына өтүп кетүүнүн айла-амалын издөө аракети. Мындайда кара күч эле эмес, ойлонуу, көз ачып жумаганча чечим кабыл алып, аракетке киришүү зарыл

Күн чыгыштын күрөшкер кызы

Нонока Озаки 21 жашта, жапониялык спортчу, эркин күрөшчү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиону, Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын байге ээси. 2018-жылы жаштардын жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону.

Ал 2021-жылы Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатында 62 кг. салмакта коло медаль тагынган. 2022-2023-жылдары Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында 62 жана 65 кг салмактарда алтын байге уткан. Мээримди утууга абдан дилгир болуп жүргөн балбан кыз. Бул балбан кыздын 8/1 финалдагы атаандашы венесуэлалык Солейми Антоньета Карабальо Эрнандес деле оңой жоо эмес. Ал Панамерика оюндарынын күмүш байге ээси, Панамерика чемпиону жана Түштүк Америка оюндарынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Ошондо Мээрим чейрек финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттешип калышы ыктымал. Эгерде аны оңдой берди болуп утуп алса, жарым финалда ким менен күч сынашаары өйдөкү топтогу Франция менен Жаңы Зеландия же Канада менен Нигерия өлкөлөрүнүн балбандарынын жеңүүчүсүнө каршы турушу ыктымал.

Курч мелдешти мелжесек болот

Менин жеке пикиримде нигериялык Блессинг Оборудуду менен канадалык Линда Морайс экөөнүн таймашуусу курч мүнөздө өтчүдөй. 35 жаштагы нигериялык 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, Африканын 13 жолку чемпиону жана Африка оюндарынын эки жолку чемпиону, төртүнчү ирет олимпиаданын катышуучусу болуп саналат. Ал Парижге алтын байгени самап келди. Анын атаандашы канадалык айым дагы оңой жоо эмес.

Ал 2019-жылы Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында 59 кило салмакта финалда орусиялык Любовь Овчарованы жеңип, алтын медаль тагынган. Ошондой эле эки жолу дүйнө чемпионатында (2016 жана 2022-жылдары) коло байгелүү болгон. Экөөнүн кимиси утса, Франция менен Жаңы Зеландия жубунун жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Менимче, бул беттешүүдө өз жеринде күрөшкөн франциялык балбан кыз утуп алышы ыктымал. Ал дүйнө чемпионаттарында бир жолу күмүш, үч жолу коло байгелүү болуп, 2021-жылы Европа чемпиону аталган. Токио олимпиадасында жолу болбой калгандыктан Парижде байгелүү орундардын мелжигендердин бири. Ал 2021-жылы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Мээрим Жуманазарованы да утуп алган.

Франциялык Линда Морайс 31 жаштагы Океаниянын жети жолку чемпиону Жаңы Зеландиянын намысын коргой турган Тайла Туахин Фордду утуп алышы мүмкүн. Эгерде Мээрим жарым финалга чыкса, франциялык же нигериялык же канадалык айымдардын бирөө менен беттешип калышы ыктымал.

Кийинки топто кимдер финалга чыгышы мүмкүн?

Кийинки топтогу балбандардан 8/1 финалда 29 жаштагы дүйнө жана Европа чемпиону түркиялык Бусе Тосун Чавушоглу менен 20 жаштагы 72 кг салмакта 2022 жана 2023-жылдары дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон америкалык Эмит Элор күч сынашат. Жаштык жеңеби же көп жолку тажрыйба жеңеби, аны алдыдагы таймашуу аныктайт.

Кимиси жеңсе, кийинки атаандашуулардагы Азиянын эки жолку жана Азия оюндарынын үч жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси, кытайлык Чжоу Фэн менен 24 жаштагы, Европа чемпионатынын коло байге ээси, польшалык Виктория Холуйдын беттешүүсүндөгү жеңүүчү менен чейрек финалда күрөшөт. Менин баамымда 30 жаштагы кытайлык балбан кыз артыкчылык кылат окшойт.

Андан кийинки тайпада Европа чемпиону, Европа чемпионатынын күмүш жана коло медалынын ээси, 26 жаштагы украиналык Татьяна Сова менен

Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, индиялык Дахия Ниша беттешет. Экөөнүн кимиси утса, 65 кг салмакта дүйнө чемпиону, 68 кг салмакта дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Европа чемпиону молдовалык

Ирина Рынгач менен түндүк кореялык, 18 жаштагы Сол Гум Пак менен күч сынашат. Мында молдовалык балбан кыз артыкчылык кылышы ыктымал. Бул топто жарым финалга кимдер чыгышы алдыдагы таймашууларда аныкталат. Бул түндүк кореялык Сол Гум Пакты быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Мээрим утуп алган.

Белгилей кетсек, 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер 5-августта бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат.

Олимпиадалык таймашуулардын сүрүн, таасирин Токио олимпиадасынан сезип, коло байге утуп, элибизди сүйүткөн, намыска туулган балбан кыз Мээрим Жуманазарованы эми алтын медаль утуп алышы үчүн сүрөөнгө алып, колдоп туралы.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 12 олимпиаданы чагылдырууга катышкан спорттук баяндамачы.

(Атайын Би-Би-Си/ Кыргыз кызматы үчүн)

Булак: BBC

205