Унаадан башын чыгарып авто ээнбаштык жасаган айдоочуга 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Социалдык тармактарда “Hyundai Sonata” үлгүсүндөгү авто унаадан жүргүнчү кыздар башын чыгарып, автоээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Ысык-Көл ЖКККБ айдоочуну издеп таап, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочусуна 15 000 сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.