Баткен шаарындагы «Өрүкзар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директоруна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жетекчиге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»деген шек менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал 2021-жылдан 2023-жылга чейин мекеменин кызматкеринин эмгек акысын туруктуу негизде өздөштүрүп, анын жалпы суммасы 387 миң сомго жакын экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.